• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыюуга шектелүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыюуга шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айлана-чөйрөгө мыйзамсыз кол салуулардан коргоо жана экологиялык кылмыштардын алдын алуу Ысык-Көл облусунун милициясынын негизги милдеттеринин катарына кирет. Токой тармагындагы кылмыштарды болтурбоо багытында милиция кызматкерлери тарабынан тынымсыз комплекстүү иш-чаралар уюштурулуп келет.

Милиция кызматкерлери тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте облустун аймагында атайын рейддерди ишке ашырууда.

"Мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу фактылары көпчүлүк учурларда транспорттук каражаттардын жетишине кыйынчылыктарды алып келген аймактарда орун алып жаткандыктан, аларды аныктоо жана бөгөт коюу убактысын бир аз татаалдаштырып келет. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан облустун милициясы тарабынан бул багытта активдүү аракеттерди көрүп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Алып айтсак, 19-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан алынган маалымат боюнча Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзгөн учурунда анын үйүнөн ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылып алынган.

Бул факт Ак-Суу райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 147-беренеси ("Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик текшерүү жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөнүү сактоодо жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүүгө чакырып, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертишет.

"Эгерде кимде ким мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу менен алектенип жүрүшкөн жарандар жөнүндө маалыматтары болсо милициянын «102» кызматына билдирип коюну өтүнүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий