• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 10 кг баңгизаты табылды. Сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизаты табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундан 10 кг баңгизатын табышкан.

"Январь айынын аягында Жети-Өгүз районунда "Кепа" аттуу адам үйүндө өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундун өздүгү такталган, ал Дархан айылынын 46 жаштагы Д.К., аттуу жашоочусу болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү адамдын үйүн тинтүү учурунда сарайынан жана жер төлөөсүнөн 8 данаа 5 литрлик желим идишке жана атайын баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылган.

Экспертиза көрсөткөндөй шектүүнүн үйүнөн 10 килограмм 385 грамм марихуана жана 3 грамм гашиш алынган.

Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий