• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү жана чет элдик китепканачылардын конференциясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Китепкана жана коомду демократиялаштыруу” атындагы конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын темасы "Билим берүү, маданият, илим жана бизнести өнүктүрүү үчүн санариптик чөйрөнү түзүү" болуп, аталган конференция 20 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Конференцияга Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана Россия, Германия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан мамлекеттеринин өкүлдөрү менен китепкана кызматкерлери катышууда.

"Бул конференцияга Кыргызстандын аймагындагы китепканачылардын катышуусу КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген кесиптештеринин ишмердүүлүгү жана тажрыйбасы менен таанышууга, бул тармакта жаңы билимдерди алууга, аны өзүнүн ишмердүүлүгүнө колдонууга жакшы шарт түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында бир катар тегерек столдор, секциялар өтүп жатат.

Учурда аталган конференцияга 200гө жакын китепкана адистери жана жетекчилер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий