• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) Hyundai Sonata жана КамАЗ унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен эки киши (1 эркек, 1 аял) каза болуп, бирөө жаракат алган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий