• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 12 адам жабыркап, экөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жалпы 12 адам жабыркап, экөө каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июлда 19:30 чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында Honda Odyssey жана Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Жалпы 14 адам кырсыкка учурап, анын ичиен 7 жаштагы жана 69 жаштагы Ж.А. каза болгон. 12 адам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыганан каза болгон адамдар ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий