• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу менен апасы каза болуп, 7 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, жетөө жабыркады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-августта Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунунун 24-чакырымында Ысык-көл облусунун 36 жаштагы тургуну Ш.Д. Фольксваген-Пассат унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги даракты сүзгөн.

Кырсыктан жүргүнчү – 76 жаштагы Ш.М. алган жараатынан улам ошол жерде, ал эми айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Жети жүргүнчү (3 чоң, 4 өспүрүм) ар түрдүү жараат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык унааны катуу ылдамдыкта айдоодон улам болгон.

Аталган факт Ысык-Көл райондук ИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий