• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, жетөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолунун 210 кмдеги жол кырсыгынан 93 жаштагы аял каза тапты. Мындан тышкары дагы жети адам, алардын үчөөсү жаш балдар ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Кырсык Тамчы айылында орун алган.

Жабыркаган үч жаранга жеринде жардам көрсөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылды.

Чолпон-Атадагы ооруканага жаткырылгандардын тизмеси:

- 1958-жылы туулган Б.А., баш мээси чайкалып, бети тытылып, көкүрөгү, бели кокустаган.

-2005-жылы туулган М.А., баш мээси чайкалып, мурду сынып, дем алуу органы жабыркаган.

Балыкчыдагы ооруканасына жаткырылган 1970-жылы туулган Г.Г. 2-3 даражадагы травматикалык шок алган.

-2008-жылы туулган С.Г., балтырынын жумшак ткандары жабыркаган

Эскерте кетсек, Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда кечээ болжолу менен эртең мененки саат 9:25де жол кырсыгынан бир аял жана кичинекей бала каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий