• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, бирөө оор абалда

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чоң Талды-Суу капчыгайында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кырсык 18-январда болжол менен түнкү саат 01:30 катталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Эңилчек айылынын 36 жаштагы Б.З., аттуу тургуну Чоң Талды-Суу капчыгайында унаасын башкара албай жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, Сары-Жаз дарыясына кулаган.

“Кырсыктан “Нива-Тайга” унаасынын 36 жаштагы айдоочусу жана 26 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болушкан. Дагы бир 53 жаштагы жүргүнчү Ж.С., оор жаракат алып, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундук оорукананын ренимация бөлүмүнө жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерде тиешелүү органдын кызматкерлери иш алып барууда.

КР ИИМ ЖКККК кызматы дагы бир жолу жолдор тайгак экендигин эске салат! Айдоочуларды унаа башкарып бара жатканда сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий