• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, сегизи жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Корумду айылында бүгүн, 16-августта саат 00:47лер чамасында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 32 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз ооруканада каза болду.

Ошондой эле 8 адам ар кандай жаракат алган. Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилинген.

Пикир

Оставить комментарий