• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Балыкчы – Ананьева – Каракол унаа жолунун 32-чакырымында «Тойота-Раф4» жана «Тойота-Ярис» унааларды сүзүштү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгынын кесепетинен кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Жол кырсыгынан жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл районунан өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам унаасына, каза болгондун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий