• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жол тандабас менен жүк ташуучу унаа сүзүштү – видео

Кырсык 0


Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Ананьево айылында Каракол – Ананьево – Балыкчы унаа жолунун 70-чакырымында Toyota 4Runner менен Daewoo Labo кичи жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагынан “Кабар” агенттигине билдиргендей, эки унаа тең бир багытта бара жатып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу бурулууга аракет кылганда катуу келе жаткан жол тандабас коюп кеткен.

Жыйынтыгында Daewoo унаасынын 42 жаштагы айдоочусу Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий