• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жолго кум сээп жаткан Транспорт министрлигинин кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жолго кум сээп жаткан Транспорт министрлигинин кызматкери каза болду.

“Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, 12-январда милицияга райондук ооруканадан билдирүү түшүп, анда Темир айылында жол тейлөө башкармалыгынын кызматкери, Ананьево айылынын 60 жаштагы А.О. аттуу тургуну кум сээп жатып “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан кулап кеткендиги айтылган.

Жабыркаган жаран алган жараатынан улам Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылып, бирок каза болуп калган.

Аталган факт райондук милициянын маалыматтык электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий