• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 14 жаңы ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 14 жаңы ишкана ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, алардын ичинде канаттуулар фабрикасы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана, кийиз өндүрүү сыяктуу ишканалар бар.

“Жыл башынан бери 130 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Ошондой эле белгилүү ишкер Салымбековдун жардамы менен биз этти кайра иштетүүчү ишкана ачууну пландаштыруудабыз. Андан тышкары, Кумтөр ишканасы каржылаган аймакты өнүктүрүү Фондунан ишкерлерге 3 жылга пайызсыз ссудаларды берүүнү пландап жатабыз. Биринчи орунда басым бюджетке салым кошуучу ишканаларга жасалат”, - дейт Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий