• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 80 өрт кырсыгы катталып, 6 адам жабыркаган

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 2021-жылдын 3 айынын ичинде 80 өрт кырсыгы катталып, 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы күрөшүү, өрттүн алдын алуу жана куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы Нурдин Жолоев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, тилсиз жоодон келтирилген материалдык чыгым 10 миллион 93 миң 907 сомду түздү.

Облус аймагында катталган өрттүн кесепетинен бир адам каза болуп, 6 киши жаракат алган. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган – өрттүн жалпы санынан 21 өрт турак жайда чыккан.

Өрт куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 74 миллион 55 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган.

Пикир

Оставить комментарий