• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлгө 44 жаштагы эркек киши чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Ысык-Көлгө эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августта саат 17:30 чамасында Балбай айылында 1974-жылы туулган М.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Куткаруучулар суудан анын жансыз денесин алып чыгышып, милицияга өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий