• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлгө Балыкчыдагы «Ак-Кеме» посту аркылуу гана кирүүгө болот — өкүл

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик пост аркылуу гана кирүүгө болот. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, кирүү учурунда паспортту көрсөтүү талап кылынат.

«Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, КР Саламаттык сактоо министрлигинин бардык сунуштамалары сакталат. Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, «Кызыл Омпол» посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болууңуздарды суранам», - деп Осмоналиев тургундарга кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий