• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандар үчүн атайын эрежелер иштелип чыкты - Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандар үчүн атайын эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 1-июндан баштап бүтүндөй Кыргызстан боюнча туристтик субъекттилер өз ишин баштаганы турат.

"Алар пансионат, эс алуучу жай, парктар жана башка туризм секторуна тиешелүү бардык жайлар. Санитардык талаптарды сактоо менен туризм тармагы ишин жүргүзөт. Талаптар эс алуу жайларындагы имараттарга тиешелүү жана туристтерге ылайык эрежелер болот. Туристтер ортосунда 1,5 - 2 метр аралык, суунун жээгиндеги чатырлардын аралыгы боюнча атайын эрежелер Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты. Ал жакынкы аралыкта коомго жарыяланат", - дейт ал.

Жаманкулов маалымдагандай, Ысык-Көлгө барууда эч тоскоолдук болбойт.

"Балыкчыдагы постто жарандардын дене табы текшерилип, каттоо кагаздары жүргүзүлөт. Андан кийин посттон өтө алат. Быйыл биз биринчи кезекте ички туризмге көңүл бөлөбүз. Андыктан, жарандарды туристтик жайларга барууга чакырат элем", - деди Жаманкулов.

Ал белгилегендей, былтыркы жылы сырттан келген туристтерден 613 млн доллар киреше түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий