• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлгө эс алууга кеткен окуучулардын биринчи агымы Бишкекке кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга кеткен окуучулардын биринчи агымы Бишкекке кайтып келди.Бул тууралуу бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Ысык-Көлдүн жээгинде 137 бала "Жалын" лагеринде 10 күн эс алды.

"Жол милициянын автоунаасы менен коштолуп, окуясыз өттү. Эс алып келген балдарды Ленин райондук администрациясынын жана Билим берүү борборунун адистери ата-энелерине аман-эсен тапшырышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы 400дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жетим, жарым жетим балдарга шаардан тышкары жайкы эс алуусун уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий