• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көлгө иштөөгө келген казак жараны дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө Казакстандын 24 жаштагы дайынсыз жоголгон жараны изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда милицияга Казакстандын Кордай айылынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 24 жаштагы уулу Ислам Астанаев үстүбүздөгү жылдын июнь айында Чоң-Сары-Ой айылында орун алган "Гуд-Лайк" пансионатына иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Арыз райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Териштирүү учурунда дайынсыз болуп жаткан Ислам Астанаев “Гуд-Лайк” пансионатынын аймагындагы кафелеринин биринде иштегени аныкталган. Кафенин башчысынын айтымында, Ислам Астанаев кафеде Адан аттуу өзүнүн таанышы менен чогуу иштеп жүргөн. Июнь айынын аягында Ислам Аданды Бишкек шаарына чейин узатып коюу үчүн жумуштан суранып кетип, ошол мезгилден бери жумушка чыкпаганын маалымдаган.

“Ысык-Көл РИИБи дайынсыз жоголгон Ислам Исраилжонович Астанаевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдарды 102, (03943) 4-39-80, 0505233322 телефондору аркылуу райондук милицияга кабарлап коюуну өтүнөт”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий