• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлгө Ташкенттик туристтер менен алгачкы учак келди

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Тамчы айылындагы аэропортко Ташкенттин алгачкы учагы 190 жүргүнчү менен келип конду.

“Ташкент-Тамчы” каттамы август айынын соңуна чейин ар бир бейшемби күндөрү каттап турмакчы.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов эгер Ташкенттен келген туристтердин, жүргүнчүлөрдүн саны өсө турган болсо авиа каттамдардын саны көбөйтүлөт дейт. Анын айтымында алдыда аэропортту кыш мезгилинде дагы учактарды кабыл алууга ылайыкташтыруу пландалып жатат.

5-июлда Тамчы аэропортуна Россиянын Новосибирск шаарынан келген алгачкы каттамы ишке ашат. Бул маршруттагы учак шаршемби жана жума күндөрү каттап турат.

Жакынкы аралыкта “Астана-Тамчы-Астана” , “Алмата-Тамчы-Астана” каттамдары калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий