• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлгө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келди

Саясат 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Венгрия Эл Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Виктор Орбанды Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.

Сапардын алкагында Венгриянын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Ошондой эле Виктор Орбан 2-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий