• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлгө Өзбекстандан 15 жейрен алып келинди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна Өзбекстандын Бухара облусундагы «Джейран» питомнигинен 15 жейрен алып келинди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, кызыл китепке кирген жаныбарлардын Ысык-Көл аймагына алынып келингенине 1 айдай болуп калды. Алар учурда Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын көл жээкке жакын, жарым чөл зонасында өзгөчө кароодо кармалып турат. Табият шартына толук көнгөн соң эркиндикке кое берилет.

Бүгүн, 24-ноябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев Тоң районунун акими менен чогуу жейрендер кармалып турган жерге барып, аларды Кыргызстанга алып келген топтун мүчөлөрү менен жолугуп, жейрендердин багылып жаткан шарты менен таанышышты.

"Облус жетекчиси жейрендерди алып келген топтун мүчөлөрүнө кызыл китепке кирген баалуу жаныбарлардын тарыхый жерине кайтарып келишин айтып, эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктарын тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жейрендерди Ысык-Көл облусуна алып келүү ишин "Фонд Илбирс", "Аргали" фонддору жана "Гулистан" дыйкан чарбасы жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий