• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык сууга түшүүнүн коркунучу айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Дайыма ысык сууга түшүү ден соолукка зыян. Бул тууралуу британиялык медиктердин маалыматын жазып чыккан Express сайтына шилтеме берип РИА Новости билдирди.

Адистердин айтымында, ысык суу териге терс таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө эпидермистеги (адамдын терисинин сырткы катмары) кератин клеткаларды жабыркатат. Ошондой эле теринин кургап кетишине алып келет жана тери ооруларын, анын ичинен экземаны күчөтүп, козгойт.

Медиктер 10 мүнөттөн ашпаган убакытта кыска жана жетиштүү деңгээлде муздак сууга түшүүнү сунуштайт. Тери ооруларын козготуп албаш үчүн катуу жышып жуунбаш керектиги эске салынат.

Сууга түшүп бүткөндөй кийин тиешелүү кремдерди сүйкөнүү керек.

Пикир

Оставить комментарий