• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Ысык-Көл тамырын" клиникалык сыноо аяктады – саламаттык сактоо министри

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. "Ысык-Көл тамырын" (чөптүн кайнатмасы) клиникалык сыноо аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, бүгүн кечинде "Ысык-Көл тамырын" ичкен 300-400 адамды чогулта турганын билдирди.

“Чөптүн кайнатмасынын оң таасир бере турган жактары бар – иммунитетти көтөрөт, COVID-19 менен ооруган учурда жөтөлдө какырык жеңил чыгат, канттын деңгээли төмөндөйт. Ысыккөл тамырынын тундурмасы ашказан рагы менен ооруган бейтапта шишиктин өөрчүсүнө жол бербейт. Клиникалык сыноо аяктады. Биз жыйынтыкты эксперт, профессор жана окумуштууларга жөнөттүк. Алардын реакциясын күтүп жатабыз”, - деди саламаттык сактоо министри.

Мындан мурда Бейшеналиев түз эфир учурунда "Ысык-Көл тамырынын" тундурмасын ичип, бул коронавируска каршы жардам берет деп билдирген. Ал тундурманы белгилүү бир дозада гана даярдап, аны ысык учурда гана ичүү керектигин айткан.

Пикир

Оставить комментарий