• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ысыкта күн нурунан сактануунун жолдору

Ден соолук 0

Бишкек, 3-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден-соолукту чыңдоо республикалык борбору аба ырайынын ысып кетишинен улам, жарандарды күн нурунан сактануунун эрежелерин сактоого чакырат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөдө күн өтүп кеткен адамдар медкызматкерлерге өтө аз кайрылышат. Бирок, күндүн ысыгынан жабыркап гипертониялык ооруулар менен тез жардам кызматына кайрылгандар күндө катталат. Ошондой эле, тез жардамга күчөп кеткен ичеги оорууларынын инфекциясы менен катталгандардын саны өсүүдө.

Ысык жана күн нуру өтүп кеткенде - организмдин өтө ысып кеткендигинен кабар берет. Мындай абал күндө көбүрөөк болгондон жана ысыкта жылуу кийим кийинген учурда катталат. Жабык, демди кыстыктырган мекемелерде тынымсыз кыймылда болгон учурларда катталат.

Мындан улам медкызматкерлер күндүн катуу тийишинен жабыркабаш үчүн өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин сунуш кылат:

-ачык түстөгү, кенен кездемеден тигилген кийим кийүү, башына күндөн коргоочу калпак (шляпа), кепка кийиш керек;

-күндүн ысыгында көп убакытка эшикте жүрүүдөн сактаныңыз;

- сууну көп ичүү сунушталат. Күнүнө 2-3 литр суу;

- күндүн түз тийишинен коргогон ачык түстөгү чатырларды колдонуу;

- бат-баттан аз өлчөмдө тамактанып туруу, өзгөчө кычкыл сүт азыктарын көп колдонуш керек;

- терезелери жабылган унааларда балдарды, кары кишилерди жана үй жаныбарларын калтырбоо зарыл;

-өзүн жаман сезген абалда жардам суроо жана алгачкы чараларды көрүңүз.

Күн өтүп кеткен абалдын алгачкы белгилери

-баш айланып, баш ооруу, алсыздануу, кусуу, дем алуусу басаңдайт, көзгө ар нерселердин көрүнүп башташы, буюмдар кызыл же жашыл түскө боёлгондой көрүнүп, дене табы жогорулап, колу буттары титиреп, эсин жоготуп коюшу ыктымал.

Мындай белгилер адамдарда байкалса, тез жардам кызматын чакырып, алар келгенче жаранды муздак, көлөкө жерге жайгаштыруу зарыл;

- жабырлануучуну чалкасынан жаткырып, бутун бир аз көтөрүп коюш керек болот. Чекесине муздак сууга салынган бет аарчыны коюу абзел;

- адам эс учун жоготпосо ага муздак суу, чай бериш керек;

- аны кысып турган кийимдеринен бошотуш керек; (жаканын топчусун, галстугун, курун ж.б. чечүү талап кылынат);

- аны сууга салуу мүмкүнчүлүгү болсо, аны колдонуш керек болот;

- дене табы 38,50С же андан өйдө болуп кетсе, температурасы түшкөнчө муз басууга туура келет;

- эсин жоготкон маалда нашатыр спиртин жыттатуу талап кылынат;

- жабырлануучунун дем алуусун жана тамырын көзөмөлдөп туруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий