• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди

Экономика 0

Бишкек 31.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Жогоруда айтылган мыйзамдын ченемдерине ылайык, товарлардын акцизделчү тобунун тизмеси кеңейтилди. Ысытылган тамекиси бар буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылган капсула ж. б.), электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук акцизделчү товарлар болуп эсептелет.

Жогоруда аталган акцизделчү товарлардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүү мезгилинде (2019-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин) акциз салыгынын ставкасы 0 сом өлчөмүндө белгиленген.

Мындан ары акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

- 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдар – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 610 сом, 2021-жылдын ичинде – 700 сом, 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сом;

- 1 миллилитр никотин камтыган суюктук – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 1 сом, 2021-жылдын ичинде – 1,25 сом, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып – 1,5 сом.

Пикир

Оставить комментарий