• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ызы-чуу менен аяктаган беттеш! Нурмагомедов жеңил салмактагы чемпиондук курун сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 07.10.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Лас-Вегас шаарында UFC 229 турниринде жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор ортосунда беттеш болуп өттү. Беттеш 4 бөлүккө созулуп, 4-бөлүктө Хабиб муунту ыкмасы менен жеңишке жетти.

1-бөлүк башталаары менен Конор соккулар менен баштады. Хабиб көпкө күтпөй Конордун бутуна кирип, өзүнүн партердеги мыктылыгын көрсөтө баштады. Дээрлик 5 мүнөт Хабиб беттешти өз көзөмөлүнө алды.

2-бөлүктө Хабиб таамай соккусу Конорду нокаутка жибергени аз калды. Бирок соккулар көпкө узаган жок, Нурмагомедовдун күрөш ыкмасынын күчүн кайра көрсөтө баштады.

3-бөлүк соккулар менен башталды. Бул бөлүктө Конор салыштырмалуу өзүн жакшы тарабынан көрсөттү. Хабибдин бутка кирүүсү кайра уланып, уруш партерде уланды.

4-бөлүк жыйынтыктоочу болуп эсептелинди. Хабиб Конорго эч мүмкүнчүлүк бербестен аны партерге кулатып өзүнүн мыктылыгын көрсөттү.

Нурмагомедов беттеш бүтөөрү менен Конордун машыктыруучулары көздөй секирип кыйкыра баштады. Ал жалпы согушууга алып келди. Хабибдин машыктыруучу тобу да Конорду уруп соккуга алышты. Хабибдин тентектигинен улам чемпиондук курун талап кылса да “жок” деген жооп алды. Ал көпкө күтпөй беттеш майданынан кетип калды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 27 беттеште 27 жеңиши болсо, Магрегор 25 беттеште 21 жеңиши менен көрсөткүчтү жаңылашты.

Пикир

Оставить комментарий