• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өз алдынча дарыланууга болбойт! Үсөнбаев COVID-19дун белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылуу керектигин эскертти

COVID - 19 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясын жуктуруп, өз алдынча дарылануу оорунун кабылдап кетүүсүнө алып келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оорунун белгилери чыкканда жарандардын дароо медициналык жардамга кайрылуусу зарыл, анткени үйдө өз алдынча дарылануунун кесепеттери оор болуп калууда.

“Каза болгондордун анализдерин талдап чыгып, ошондой эле бүгүнкү күндө оор абалда тургандардын таржымалын карап чыгып, алардын ичинен көбү үйдө өз алдынча дарылангандыгын кездештирдик. Бул оорунун кабылдап кетишине, жаман жагына бурулушуна алып келет. Көп убакта кеч келип калып, оор абалда болуп, реанимацияга түшүп калган учурлар дагы болуп атат. Алардын ичинде ар кайсы дарыларды ичип, ар кандай чөптүн кайнатмаларын дагы ичип дарыланып жаткандар дагы бар. Ошондой эле кез-кезде туура эмес кеп-кеңештерди угуп алышып, ооруну күчөтүп ийген учурлар дагы болуп атат”, - деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Үсөнбаев кошумчалагандай, мындан тышкары өз алдынча дарылануу медицина кызматкерлеринин арасында да кездешүүдө.

“Эскерте кетүүчү жагдай, оорунун белгилери чыккан учурда өз алдынча дарыланбастан, дароо медициналык мекмелерге кайрылуу зарыл. Коронавирус дагы КРВИ, грипптей эле өз убагында туура дарылабаса, кесепеттери оор болуп калат”, - дейт башкы санитардык дарыгер.

“Дагы бир жолу чакырып кетет элем, өз алдынча дарылануудан баш тартып, медициналык жардамга кайрылыңыздар”, - деп сөзүн жыйынтыктады Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий