• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өз атасы тепкен баланын денеси көгөрүп калган

Ден соолук 0

Бишкек, 04.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Сейилдеп жүргөндө өз атасы тепкен кичинекей баланын денеси көгөрүп калган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактооо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Бала бизге 3-декабрда кечинде түшкөн, ал ооруксунуп калган. Ошол эле маалда аны кайрадан үйүнө алып кетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мурда 2-декабрда “Улан-2” кичи районунда окуянын күбөсү бөбөктү ичке тепкен кишини видеого тартып, социалдык тармактарга жайылткан. Андан соң аны кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.

Пикир

Оставить комментарий