• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өз баласын тепкен мамкаттоонун кызматкери кызматтан алынды

Коом 0

Бишкек, 05.12.17./Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өз баласын тепкен Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматынынын жетекчисинин орун басары Бариэр Адиев Сейдижапаровичти кызматтан алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык кызматтан алынган.

Эске сала кетсек, социалдык түйүндөрдө видео тарап, анда, эркек киши өз баласын тепкендигин көрүүгө болот. Коомчулуктун нааразычылыгынан улам милиция ал кишини тапкан, ал баланын атасы болуп чыккан.

Кармалган адамга карата Октябрь райондук ИИБ териштирүүсү менен КР КК (Бейбаштык) 234-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий