• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өз үйүңдү булгаба! Таштанды таштаба – Туризм департаментинин соцролиги

Коом 0


КР Туризм депортаменти өкмөттүн 2019-2023-жылдарга карата кабыл алган программасынын негизинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен кыргыз жана орус тилдеринде социалдык ролик тарткан.

Ролик жарандарды таштанды таштабоого үндөйт.

"Эс алуучу жайларда таштандылардын көп ташталгандыгы Кыргызстандын туристтик потенциалына терс таасирин тийгизет", - деп билдиришти Маданият, маалыматы жана туризм министрлигинен.

Аталган социалдык ролик вандализмди алдын алууга, тарыхый-маданий жайларды сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий