• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өз көмөчүңөргө күл тартпагыла – Жээнбеков маморгандарды сот реформасынын үстүндө биргеликте иштөөгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баардык мамлекеттик органдарды өлкөнүн укук тармагындагы мүчүлүштүк жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө чакырды.

Мамлекет башчы КР судьяларынын XI курултайында сүйлөп жатып, соттук-укуктук системадагы реформа өңдүү оор реформа алгач ирет ишке ашырылып жатканын жана бул процесс бир катар кыйынчылыктарды алып келгенин белгиледи.

"Карама-каршылыктарды жоюп, мыйзамдарды туура колдонуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бизде маселени мыйзамдарга оңдоо киргизүү аркылуу чечүүгө көнүп калышкан. Ошондуктан реформа кагаз бетинде калып жатат. Жогорку сотту кодекс, мыйзамдарды колдонууда жаралган маселелерди ыкчам, кечиктирбей чечүүсүн өтүнөм", - деди Жээнбеков.

Ал белгилегендей, реформаны жүзөгө ашыруу иштерин начар уюштуруудан улам маселе жаралуусуна жол бербөө керек.

"Кандайдыр бир маселе жаралганда соттор, прокурор, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын эксперттери кодекстерди иштеп чыккан эксперттер менен бирге маселени ыкчам чечиши керек", - деди президент.

Ал кошумчалагандай, эч ким өз көмөчүнө күл тартпай, аталган мамлекеттик органдар бирдикте иштөөсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий