• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өз өмүрүн тобокелге салып каза болгон жарандын эрдиги унутта калган жок

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бул окуя 2016-жылдын 6-июну күнү Бишкек шаарынын Фунчик көчөсүнүндө “СПАБ” Жообу чектелген коомунун аймагында 2 газ ташуучу автоунаа жарылып, өрттөнүп кеткен. Ошол жерде Бүркүт Абдрахманов өз өмүрүн тобокелге салып каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2017-жылдын 14-февралында атайын жыйын өткөрүп, анын көрсөткөн кармандыгын эске алуу менен “Өрттөгү каармандыгы үчүн” медалы анын жубайы Назира Назарова тапшырды.

Өрттүн кесепетинен 11 адам жабыркап ооруканага жеткирилген, анын ичинен 6 адам каза болгон.

2016-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарындагы оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайда газ жабдыктарын туура эмес колдонуунун кесепетинен май ташыган унаалар биринин артынан бири жарылып өрттөнүп кеткен.

Б.Абдрахманов күйүп жаткан унаага барып, газдын жапкычын (винтель) бекиткени үлгүргөн.Эгерде ал мындай кадамга барбаса өрттүн кесепети чоң болмок.

Бул чоң эрдик! Ар ким мындай каармандыкты жасай албайт.

Эгерде ал газдын жапкычын(винтель) бекитпесе, анда жарылынунун аймагы 5 чакырымаралыкты каптамак.

А.Абдрахманов 8-июнь күнү түнкүсүн өрттөн алган күйүктөн улам каза болгон.

Артында 7 баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий