• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өз милдетин жөндөй албаган 6 министр, 13 аким кызматтан бошотулган

Кадр саясаты 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Өткөн жылы өз милдетин жөндөй албаган 6 министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулган, мындай чаралар улантылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Абылгазиев азыркы өкмөт курамына калктын ишеними кыйла төмөн экенин моюнга алды.

"Азыр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга чейин төмөндөдү, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Демек, мындан өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иштеп жатканы байкалып турат", - деди ал.

Андан тышкары, премьер-министр өз милдетин жөндөй албаган министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринен кутулуп жатканын белгиледи.

"Албетте, биз кадрдык көйгөйлөрдү моюнга алабыз, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ошондон улам, өткөн жылы 6 министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулду, мындай чаралар дагы улантылат", - деп кошумчалады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий