• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үзүр Жусупбеков Азия квалификациялык мелдеште күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 09.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков Олимпиадага жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдеште күмүш медаль тагынды.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан тарта катышты. Жусупбеков биринчи индиялык Рави Равини 9:0, ал эми жарым финалда кореялык Сейол Лини 6:0 эсебинде уткан.

Финалдык таймашта Жусупбеков ирандык Мухаммед Хади Абдулла Саравиге 0:10 эсебинде утулуп, күмүш медалды жеңди.

Квалификациялык мелдеште кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий