• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өз ымыркайын дааратканага таштап кеткен 22 жаштагы кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Өз ымыркайын дааратканага таштаган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-июлда Ленин райондук ИИБне “Арча-Бешик” жаңы конушундагы короолордун биринде дааратканада жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууларуу билдирүү келип түшкөн.

Болжол менен саат 09:30 чамасында конуштун жашоочуларынан бирөө ымыркайдын үнүн угуп, аңдан ымыркайды чыгарып алган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ымыркайдын таштап кеткен, энеси Нарын облусунун тургуну ошол учурда Арча-Бешикте жашаган 1995-жылы туулган Б.Ж., аттуу жаран кармалган.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий