• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

З.Жамалдинов: «Кадамжай сурма комбинатын сатып алган чет өлкөлүк инвесторлор ушул кезге чейин өз милдеттенмелерин аткарган жок»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. 2005-жылы Кадамжай сурма комбинатын чет өлкөлүк инвесторлор сатып алышкан. Алар ушул кезге чейин өз милдеттенмелерин аткарган жок. Өткөн жылы бир кило да сурма өнүрбөптүр. Тескерисинче, электр энергиясы боюнча эле 35 млн сом карызы бар экен, аны төлөйүн деген ниети жок. Өкмөт андай инвесторлорго тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Демейде Улуттук энергохолдинг 200 сом карыз болгон адамдардын жарыгын өчүрүп салат, а эмне учун алардан аласасын өндүрүп албайт? Калыстык болушу керек. Жергиликтүү калктын көптөгөн социалдык көйгөйлөрү чечилбей турат. Ишкана кошумча жумуш орундарын түзүшү керек эле, өлкө экономикасына кошумча каражаттар түшмөк, андай милдеттенмелердин баары азыркыга чейин аткарыла элек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий