• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

З.Жамалдинов: Капиталдык салымдар беренеси менен каржылоо качан ачылат?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында мурда курулушу башталган мектептерди куруу иштерин улантуу үчүн каржылоо ачылбай жатканы сынга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Калдарбек Баймуратов мурда курулушу башталган мектептерди куруу иштерин улантуу үчүн Каржы министрлиги тарабынан каржылоо ачылбай жатканын айтып, Жалал-Абад облусундагы бир катар мектептерди санап өттү.

Мындай маселени улаган депутат Максат Сабиров дагы Ысык-Кл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылынын 11 жылдан бери курулуп келе жаткан мектебин, аны жылытуучу от казанын мисалга тартты.

Депутат Таалайбек Масабиров Чүй облусундагы Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелеринин кайрылуусу менен тааныштырды. Алар мектептин канализациясы бузулуп, андан улам ашкана дагы иштебей жаткандыгын билдиришкен.

Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айылындагы №42 С.Ашимов атындагы орто мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Айылда 1973-жылы курулган эски мектепте 470 бала 3 нөөмөт менен окуп жатат. Депутат Жыргалбек Калмаматов 225 орунга ылайыкташтырылган жаңы мектептин курулушун улантууга өз маалында каражат бөлүү керектигин КР Өкмөтүн багыттады.

Депутат Зиядин Жамалдинов республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып курула турган 344 обьекти бар экенине токтолуп, бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерине каражат бөлүнө электигин сынга алды. “Жылдын жарымы өтүп баратат, эми каражат бөлүнүп, курулуш күздө башталса кайдагы сапат? Капиталдык салымдар беренеси менен каржылоо качан ачылат?”,- дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий