• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Zagreb Open мелдеши: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 03.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеште күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) болот. Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2019-жылдары) болгон.

Беттеш 3-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.

Пикир

Оставить комментарий