• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Улуттук банкынын төрагасынын эки орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Чокоев Заир Линарович жана Жакыпов Манас Жакыпович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын башка буйругу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Момункулова Мээрим Авасбековна жана Тезекбаева Айнура Сарылбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий