• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Заирбек Эргешов: Бизде Конституция биринчи жолу кыргыз тилинде жазылды

Коом 0

Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу биз кыргыз тилинде жазылган Баш мыйзамды түздүк. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Конституциялык кеңешменин мүчөсү, тарыхчы Заирбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы революциядан кийин жазылган азыркы Конституция бир катар талаш-тартыштарды жаратып, коомчулуктун кыжырдануусун пайда кылган.

“Азыркы Конституцияны адамдардын чакан тобу жазганы элди канааттандырбай келген. Өз кезегинде Конституция – бул жалпы консенсусту камтыган документ. Мындан тышкары, парламентаризм жана депутаттардын санына, ошондой эле өкмөттүн жоопкерчиликсиздигине жана анын бат-бат алмашуусуна карата көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген. Жыйынтыгында эл так аткарылган ишти көрө алган жок. Ошентип октябрь революциясынан кийин ишти биринчилерден болуп Конституциядан баштоо чечими кабыл алынды”,-дейт ал.

Андан ары ал жаңы Конституцияны түзүү процесси ачык-айкын жана ага “каршы” жана “макул” тараптардын катышуусунда өттү деп белгиледи.

“Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттары дайыма чагылдырып турушту. Иш процесси ачык болду. Конституцияны жазуу кызуу талкуулар жана талаш-тартыштар менен коштолду. Эксперттик сунуштар жана баяндар, түрдүү суроолор боюнча көз караштар абдан көп болду”,-дейт Эргешов.

Заирбек Эргешов референдум жолу менен эл өнүгүүнүн мындан аркы жолун тандап алды деп белгиледи.

“Коомчулукта башкаруу формасы тууралуу суроо ачык болду. Ушуга байланыштуу референдум белгиленди. Эл өзүнүн тандоосун жасады. Башкаруу формасынан тышкары жаңы Конституцияда депутаттардын санын 120дан 90го чейин кыскартууга жетиштик. Бул коомдун талаптарынын бири. Мындан тышкары, эл Элдик курултайдын таасирин күчөтүүнү талап кылган. Азыркы Баш мыйзамда Элдик курултай бир гана берене менен чектелген. Жаңы Баш мыйзамда курултайдын бардык мүмкүнчүлүктөрү камтылды”,-деди тарыхчы.

Жыйынтыгында З.Эргешов Баш мыйзамды жазуунун тили тууралуу айтып жатып биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылганын белгиледи.

“Конституциянын мурдагы варианттары орус тилинде жазылып, андан кийин кыргыз тилине которулган. Которууда тактык жана ачык-айкындуулук жагынан кемчиликтер болуп келген, анткени кайсы котормо болбосун айтылып жаткан ой же маани так өзүндөй болбой калышы мүмкүн. Бул жолу Конституция башынан эле кыргыз тилинде жазылды”,-деп сөзүн жыйынтыктады Эргешов.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий