• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зайымчылардын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы карызы 850 млн. сомго чейин кыскарган

Экономика 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Зайымчылардын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы карызы бир жарым жылдын ичинде 850 млн. сомго чейин кыскарган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Фонддун төрагасы Каныбек Айдаров билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин Фонд насыя берүү менен алектенген.

“2014-жылдан тарта мыйзам боюнча бизге насыя берүүгө тыюу салынган, эми биз накталай акчага гана сатабыз. 2014-жылга чейин Фонд алдындагы карыз 1,5 млрд. сомдон ашык болгон. 2018-жылы карыздын көлөмү 1 млрд. 329 млн. сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата карыздын суммасы 850 млн. сомду түздү. Бир жарым жылдын ичинде биз карызды 500 млн. сомго кыскарттык”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий