• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Залкарга таазим". Опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына карата онлайн концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына карата “Залкарга таазим” аталышындагы онлайн концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23 – апрелде Болот Миңжылкыевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Бул күнгө карата Кыргыз Республкасынын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери тарабынан атайын даярдалган онлайн концерт өтөт.

"Концерттин жүрүшү 23-апрель күнү саат 18:00дө КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын “Илим жана билим” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана “Маданият. Тарых. Тил” каналынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий