• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Залмай Халилзад: Тажикстан ооган жаңжалын чечүү жараянына катыша алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Тажикстан өз авторитети менен ооганстандыктарды тынчтыкка жана ынтымакка үндөй алат. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан маселеси боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Душанбеде журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Халилзаданын пикиринде, Ооганстандагы тынчтыкты жөнгө салуу жараянына АКШ эле эмес дүйнөдөгү бардык өлкөлөр, анын ичинде Тажикстан да катыша алат.

«АКШ Ооганстандагы тынчтык маселеси боюнча Орусия жана Кытай менен макулдашты. Вашингтон башка өлкөлөр дагы өз салымын кошот деп ишенет. Тажикстан жана Борбор Азия дагы бул маселеде маанилүү роль ойнойт», - деди Залмай Халилзад.

Тажикстан тараптарды жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөп келет. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу – 1344 чакырым. Душанбе ооган маселесин чечүү аймактагы коопсуздук менен туруктуулуктун кепилдиги деп эсептейт.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү “Талибан” жоочулары менен кеминде алты жолу сүйлөшүү өткөрдү. Анын максаты – өлкөдө көп жылдан бери созулуп келаткан ички жаңжалды токтотуу. Жакын арада сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтөт. Халилзаддын айтымында, АКШ Ооганстандагы согуш үчүн жылына 30дан 50 миллиард долларга чейин каражат коротот.

Пикир

Оставить комментарий