• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Заманбап Жибек Жолу туристтик туру өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Түрк Кеңеши Заманбап Жибек Жолу туристтик турун ишке ашырууда. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Туристтик тур Түркияда башталып, 25-28-апрелде Азербайжанда өткөн. Анын алкагында журналисттер жана туризм тармагынын кызматкерлери 3 күн бою Азербайжандын шаарларында саякат уюштурушту. Андан соң тур Казакстанда уланып, кийинки кезек Кыргызстанга келди.

Бул иш чаранын максаты – Жибек Жолун негизги туристтик маршрут катары кайрадан жандандыруу болуп саналат.

Кыргызстанда туристтик тур 1-майдан тарта өтүп жатат. Анын жүрүшүндө катышуучулар Бурана мунарасы, Баласагын шаарына саякат жасашып, кыргыз кийиздеринин жасалышы менен таанышат. Ошондой эле, Улуу Жибек Жолундагы Таш-Рабат кербен сарайына, Чолпон-Ата шаарына, тарыхый ачык аба музейине саякат жасашат.

Пикир

Оставить комментарий