• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Заманбап жылуулоочу каражаттар алыскы тоолуу аймактарга жетүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.09.17 /Венера Акматова - Кабар/. Ош облусунун Гүлчө жана Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылдарында жумушсуз жаштарга - турак үйлөрдү энергоэффективдүү, заманбап материалдар менен жылуулоого үйрөткөн атайын курстар ачылып, кесип үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу АВЕП коомдук фондунун башчысы Нурлан Токонов билдирди.

Анын айтымында, долбоор түштүк аймакта иштеп жаткан “Бай Алай” программасы менен биргеликте “Энергоэффективдүү жылытуу технологияларын үйрөтүү аркылуу жаштардын жумуш менен камсыз болушуна көмөктөшүү” - деп аталган социалдык долбоордун алкагында ишке ашууда. Натыйжада эки айылдан 30га жакын жумушсуз жаштар топтолуп, айылдагы жакыр жашаган, көп балалуу адамдардын үйүн оңдоп, кышка карата жылуулап беришти.

“Эки айылдын аймагынан жардамга муктаж деген эки үйдү социалдык жактан коргоо кызматтары атайын талдоо жүргүзгөндөн кийин тандап беришкен. Булар аялуу катмардагы адамдар катары социалдык жактан коргоо уюмдарынын катарында тургандар болчу. Жылуулоо учурунда айылдык жаштарга тажрыйбалуу курулушчу адистер сабак берип, бардык нерсени профессионалдык деңгээлде үйрөтүп, кеп-кеңеш берип турушту. Азыр алардын аткарган сапаттуу жумушун көргөндөн кийин айылдагы башка тургундар дагы үйүн жылуулатканга кезекке жазыла баштады. Долбоордун максаты - аялуу катмардагы адамдардын үйүн энергияны көпкө сактай турган заманбап материалдар менен жылуулоо аркылуу айылдык жаштарга ушул технологияны туура жасаганга үйрөтүү”, - деп белгиледи Токонов.

Ал бара-бара кесип үйрөнгөн жаштар аркылуу айылдарга жашыл экономиканы жайылтып, өлкөнүн энергияны үнөмдөө багытындагы саясатына аз да болсо салым кошуу максаттарын кошумчалады.

“Азыр курулуштун сырын жакшы үйрөнүп алган жумушсуз жаштар башын бириктирип, айылдагы башка адамдардын үйүн сапаттуу жылуулоо боюнча заказдарды алып иштей баштады. Аларга демөөрчү болгон уюмдар курулуш инструменттерин акысыз берип, айыл жергесинде энергонатыйжалуу технологиялардын жайылышына кам көрүүдө. Элет жериндеги элге сапаттуу курулуш каражаттарын гана таанытпастан, үйдү канткенде туура жылуулаш керектигин үйрөткөн социалдык долбоор Швейцария өкмөтүнүн Хелветас Свиис Интеркооперейшн уюму, Ага Хан фонду, АВЕП коомдук фонду жана Бай Алай программасынын элдин социалдык жана экономикалык жашоо-шартын жакшыртууну көздөгөн саясатынын алкагында ишке ашууда”,-деп жыйынтыктады фонддун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий