• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Замандаш” партиясы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26-июль /Мирлан Киизбаев – Кабар/. “Замандаш” саясий партиясы алдыдагы президенттик шайлоолордо учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганын билдирет. Бул тууралуу Бишкектеги конференциянын жыйынтыгы боюнча партиянын тең төрагасы Данияр Өмүрбеков маалымдады.

“Анын саясий карьерасынын түптөлүшүн эске алуу менен, анын тазалыгы жана кесиптик сапаттарын көңүлгө алып, биздин партия дал ушул Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоону чечтик. Башка бардык партиялар сыяктуу эле, биздин саясий амбицияларыбыз бар, бирок, азыркы заман чындыгын эске алып, “Замандаш” өз талапкерин чыгарбай, Сооронбай Жээнбековду колдоо чечимине келдик”,-деди Өмүрбеков.

Анын айтымында, “Замандаш” партиясы тарабынан саясатчылардын рейтинги түзүлүп, натыйжада ушул жылдын 22-июлундагы партиянын саясий кеңешинде учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду колдоо чечими кабыл алынды.

Өткөн конференцияда делегаттар партиянын саясий кеңешинин чечимин бир добуштан колдоду.

Күн тартибинде – партиянын ишинин жыйынтыктары жана президенттик шайлоого талапкерлер боюнча партиянын чечими каралды.

Мындан тышкары, партиянын 10 жылдык ишмердиги боюнча быйылкы күздө жаңы шайланган президенттин катышусунда кеңири конференция өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий