• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Замандаш» партиясынын теӊ тѳрагасы: С.Жээнбеков бардык жагынан президенттикке татыктуу талапкер

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. «Замандаш-Современник» партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдын дагы үгүт иштерине катышып жатат.

Шайлоочулар менен болгон жолугушууларда Ж.Молдокматов учурда Сооронбай Жээнбековдун айланасында 10дон ашуунсаясий партиялар жана 50дөн ашуун коомдук уюмдар бириккенин маалымдады.

«Биз эмне себептен СооронбайШариповичти колдоону чечтик? Ал эмнеси менен башка талапкерлерден айырмаланып турат? Сооронбай Шариповичтин үч касиетин айткым келет. Биринчи бул – ак. Экинчиси – алдабайт, айткан сөзүнө жооп берет. Үчүнчүдөн – иштерман. Баш көтөрбөй иштей берет. Натыйжада экономикада, бардык тармактарда өнүгүү болду. Дагы бир нерсе, Сооронбай Шарипович менен жөнөкөй эле, кеӊ-кесири сүйлөшүпжатабыз. Мисалы, айылдагы эле жөп-жөнөкөйтирилик жөнүндө. Мындай сүйлөшүүлөр башкалар менен болушу мүмкүн эмес», - дейт Ж.Молдокматов.

Ошондой эле ал түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлунүүчүлүккө жол бербестен, булл сөздөргө чекит коюш керектиги найтты: «Мындай сөздөр жүрөктү оорутуп бүттү. Биз баарыбыз бир эл биз–кыргызбыз», - деди Молдокматов.

  • Даярдоочу: КУМА «Кабар»
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов көч. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий