• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Замандаш» партиясынын теңтөрагасы Ж.Молдокматов: С.Жээнбековду 10дон ашык партиялар жана 50дөн ашык коомдук уюмдар колдошууда

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбековду 10дон ашуун саясийпартиялар жана 50дөн ашуун коомдук уюмдар колдошууда, деп билдирди «Замандаш» саясий партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мээнети, талыкпас эмгеги менен эл ичинде чогулткан кадыры, тамга менен баскан аты бар экенин белгиледи. «Ал өзүнүн элине жана жерине кыянаттык кылган эмес. Элин алдаган эмес, мамлекеттин мүлкүн уурдаган эмес. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековду 10дон ашык саясий партиялар, 50дөн ашык коомдук уюмдар, кыргыз элине белгилүү, белдүү жана беделдүү көрүнүктүү адамдар колдоп келатышат. Демек, Жээнбеков элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн бекемдеп сактанга кудурети, күчү, дарамети жетет деп ишенимдүү билдирем», - деди Жеңиш Молдокматов.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий