• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ал учурда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайы өтүп жаткандыгын айтты.

"Курултайга катышкан 220 адам бир добуштан Замир кары Ракиевдин талапкерлигин колдоп, Кыргызстандын муфтийи болуп бекитилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, муфтийликке 9 талапкер ат салышкан болчу.

Пикир

Оставить комментарий